Дарек

Дарегибиз Арал айылы Т.Жээналиев, 56

Жумуш убактысы

Дш - Жм 8:30 - 17:30

Телефон

Кабылдама 0778259998

Жаңыбаев   Аскербек   Карыпбекович 23-июнь 1970-жылы Тогуз-Торо районунун   Карл Маркс  айылында туулган. Улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Билими жогорку, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин   бүтүргөн. 

            Алгачкы эмгек жолун 1987-жылы Тогуз-Торо районунун Атай совхозунда “Жаштык” комсомолдук бригадасынын бригадири болуп иштөө менен баштаган. 1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1992-2016-жылдары “Жантөрө” дыйкан чарбасынын жетекчиси, 2016-2021-жылдары “Козен” ААКнун директору болуп эмгектенген. 2021-жылдын июнь айынан ушул мезгилге чейин Атай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат. 

Долбоорлор менен иштешип, жаны демилге кѳтѳрүп чыгармачылык менен иштегенди билет. Кызматы боюнча билим денгээлин, иш тажрыйбасын кѳтѳрүүнүн үстүндѳ тынымсыз иштейт.

            Берилген кандай тапшырма болбосун ѳз учурунда жоопкерчилик менен аткарууга калыптанган. 

            Жаңыбаев Аскербек Карыпбекович  мүнөзү  токтоо, кичи пейил,  улууга-кичүүгө  бирдей мамиле жасаган, жоопкерчиликтүү, чынчыл, эл тарабынан  кадыр-баркка ээ. 

2021-жылдын июнь айынан баштап  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат.

Дотацияда   турган   айыл өкмөтүнө  кошумча  акча каражатын  табуу  максатында долбоорлор менен иштей  билет.

Коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта болуп айылдын денгээлинде, райондун денгээлинде бир катар иш чараларды өткөрүп,айылдын көйгөйлүү маеселелерин чечүүгө  көптөгөн  баалуу сунуштарды киргизип,чыгармачылык менен иштеп келе жатат. Өз ишине так, жоопкерчиликтүү, дайыма эл арасында жарандык коом менен тыгыз байланышта иштей билет.