Атай айылдык кеңеши

 Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Өскөнбай уулу Сүйүндүк 1985-жылы 23-январда Жалал-Абад областына караштуу Арал айылында кызматкердин үй-бүлөөсүндө туурган. Алгачкы билим жолун 1992-жылы Арал айылындагы №3 Бейше Үрүстөмбеков атындагы орто мектебине окууга кирип, 2003-жылы аталган мектепти ийгиликтүү бүтүргөн. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факултетине тапшырып, 2009-жылы “Дүйнөлүк экономика” адистиги боюнча экономист квалификациясын алып, жогорку окуу жайын аяктаган. Биринчи эмгек жолун 2010-жылы Социалдык фондунун Тогуз-Торо райондук башкармалыгында башкы адис болуп эмгектенүүдөн баштаган, 2015-жылдан 2024-жылга чейин Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Көк-Ирим айылдык кеңеши менен Атай айылдык кеңеши биригип, кайра жаңы түзүлгөн Атай айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 

        Ушул иштеген жылдар арасында  Өскөнбай уулу Сүйүндүк өз   ишине тың, айыл ичиндеги көйгөйлөрдү өз убагы менен чече алган жетекчи катары көрсөтө алды. Өскөнбай уулу Сүйүндүк үй-бүлөөлү, өмүрлүк жолдошу Кудаш кызы Бүбүсара экөө 4 баланы тарбиялап өстүрүүдө.