Бейше орто мектебинин жаны имараты ачылды
30-август күнү КР Президенти Садыр Нургожоевичтин онлайн катышуусунда Атай айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы Бейше орто мектебинин жаны имаратынын ачылыш аземи болду. Ачылышка Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мураталиев М, акимдин биринчи орун басары Т.Арун уулу, акимдин орун басары Мурзалымбекова В, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Талайбеков, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаев катышты.