2024-жылдын 20-май күнү саат 10-00 дө Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги ачык IV сессиясы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө өтөт
ЖАРЫЯ !
Урматтуу Атай айыл аймагынын тургундары
2024-жылдын 20-май күнү саат 10-00 дө Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги ачык IV сессиясы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө өтөт.
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
- Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин Регламентин бекитүү.
- АК төрагасынын жана туруктуу комиссиялардын иш пландарын бекитүү.
- 5-апрель 2024-жылдагы «Атай» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө №4 токтомду жокко чыгаруу.
- Сары-Талаа жер тилкесинин мөөнөтү бүткөндүгү жана документациясы боюнча
- МТС Көк-Ирим жана Жайыт комитети боюнча бюджет комиссиясынын корутундусу менен 3 жылдык бюджетин кароо.
- Кара-Булак участогунун корук иштери боюнча
- Ак-Талаа каналынын тарифи (азыркы убактагы суугат иштеринин жүрүшү боюнча)
- Атай айыл аймагындагы ФПЗнын жерлери боюнча маалымат
- Атай айыл аймагындагы жер маселелери боюнча комиссия түзүү
- Атай айыл аймагындагы муниципалдык менчиктер боюнча жалпы маалымат.
- Ар кандай маселелер
Каалоочулар ачык сессияга катышсаңыздар болот.
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн администрациясы