Атай айыл аймагында элдик жыйын өткөрүлдү.

Жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланыштуу жакшыртуу максатында Атай айыл аймагында райондун башчысы-аким М.Мураталиев, акимдин биринчи орун басары Т.Арун уулу, райондук жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин катышуусу менен элдик жыйын болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору талкууланып, иш чарага киргизилди.